Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:17

Кытай элчилиги Ош мэриясына Toyota унаасын белек кылды


Кытай элчилиги мэрге белек кылган унаа.

Кытай элчилиги мэрге белек кылган унаа.

Кытайдын Кыргызстандагы элчилиги Ош шаардык мэриясына Toyota Land Cruiser 200 үлгүсүндөгү автоунаа белек кылды. Бул тууралуу “Азаттыкка” шаар бийлигинин муниципалдык менчик көзөмөл бөлүмүнүн башчысы Мирлан Исраилов билдирди.

Жолтандабас унаадан тышкары, кытай тарап тез жардам унаасын да белек кылмакчы. Ушул тапта машинени кабыл алуу жараяндары жүрүүдө. Андан соң ал мэриянын балансына өтөт.

Белек кылынган Toyota машинесине мэрге таандык мамлекеттик номур тагылды.

Өткөн айда муруңку транспорт жана жолдор министри Замирбек Айдаров кытайлык компаниянын машинесин кызматтык унаа катары минип жүргөнү сынга кабылган. Бул үчүн Айдаров кечирим сурап, машинени тапшырган эле.

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG