Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:56

Обама: Американын демократиясы бир кишиден жогору турат


АКШ президенти Барак Обама.

АКШ президенти Барак Обама.

АКШ президенти Барак Обама жаңы шайланган президент Дональд Трамп экөөнүн ортосунда айырма көп болгондугуна карабастан, бийликти салтка ылайык өткөрүп берет. Бул туралуу ал 16-ноябрда Афинада сүйлөгөн сөзүндө айтты. Обама ошондой эле “Америка демократиясы бир кишиден жогору турат” деп кошумчалады.

- Адамзаттын өнүгүшү үчүн демократия жана адам укугу менен коштолгон ачык рынок керек экенине бекем ишенем. Бирок мен глобализациянын азыркы нугу түздөөгө муктаж экенин айткам. Алдыдагы жылдары биздин өлкөлөр глобалдык экономикадан болушунча көп адам пайда көрүшү үчүн аракет кылышы зарыл,- деген Обама Грецияга АКШ президенти катары жасаган акырыкы чет элдик сапарынын алкагында барды.

Ал ошондой эле Германияга барып, канцлер Ангела Меркел менен жолугат. Андан соң Барак Обама Перуда өтө турган Азия-Тынч океан экономикалык кызматташтык форумуна катышып, 19-ноябрда Вашингтонго кайтат.

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG