Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:57

Пакистан түрк мугалимдерин өлкө аймагынан чыгып кетүүгө шарт койду


Пакистанда PakTurk мектептеринин саны 23 гө жетет.
Пакистанда PakTurk мектептеринин саны 23 гө жетет.

Пакистан өлкөдөгү жеке түрк мектептеринде иштеген мугалимдерди бозгундагы динаятчы Фетхуллах Гүлен менен байланышы бар деген шек менен өлкөдөн чыгып кетүүгө чакырды. Ички иштер министрлиги тараткан маалыматка ылайык, эл аралык PakTurk мектептеринде жана колледждеринде иштеген мугалимдер жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү, жалпысынан 450 киши 20-ноябрга чейин өлкөдөн чыгып кетүүлөрү керек.

Мындай билдирүү 16-ноябрда Пакистанга келген Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдогандын сапарын утурлай жарыяланды.

Пакистанда он миңден ашуун окуучуга билим берген PakTurk мекемесинин жетекчилиги бозгундагы диниятчы же анын кыймылы менен кандайдыр бир байланышы бардыгын четке кагууда.

Түркия бийлиги 16-июлга караган түнү болгон төңкөрүш аракетинин артында АКШда жашаган бозгундагы диниятчы Фетхуллах Гүлен турат деп айыптап келет. Мындан улам расмий Анкара бир катар өлкөлөрдү, анын ичинде Кыргызстанды да Гүленге байланышы бар делген окуу жайларды жабууга чакырган.

АКШда жашаган Фетхуллах Гүлен өзү расмий Анкаранын айыбын четке кагып келет.

XS
SM
MD
LG