Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:10

Сербияда ири курал бизнеси менен алектенгендер камалды


Сербияда ири партиядагы курал-жабдык камакка алынды.

Сербияда ири партиядагы курал-жабдык камакка алынды.

Сербиянын укук коргоо органдары ири партиядагы курал соодасы менен алектенишкен деген шек менен он адамды камакка алды. Ошондой эле алардын кампасынан чоң көлөмдөгү курал-жабдыктын арсеналы табылган.

Бул тууралуу 16-ноябрда өлкөнүн ички иштер министри Небойша Стефановия кабарларды. Анын айтымында, атайын рейддер Апатин жана Сомбор шаарларында жүргүзүлгөн.

Стефанович кошумчалагандай, камакка алынган арсеналга 30 килограммдай жардыруучу зат, ондогон детонаторлор, жүздөн ашуун граната жана көп сандагы тапанча табылган.

Учурда атайын кызматтар бул курал-жабдык кайда сатылмак деген суроого жооп издешүүдө.

Мыйзамсыз курал сатуу бизнеси Балкан мамлекеттеринде 1990-жылдардагы Югославиядагы согуштан бери гүлдөп келет.

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG