Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:23

Орусия Эл аралык кылмыш соту боюнча макулдашуудан чыкты


Орусия Гаагадагы Эл аралык кылмыш сотунун Рим статусунан баш тартты. Гаага сотунун калыстары Орусия Крымды аннексиялап алганын куралдуу кагылыш катары баалагандан кийин президент Владимир Путин “Орусия Федерациясынын Эл аралык кылмыш сотунун Рим статусунун катышуучусу болуу ниети жок экени” тууралуу жарлык чыгарды.

Орусия Рим макамына 2000-жылы кол койгон, бирок ратификация кыла элек болчу.

2014-жылдын март айында Крым аннексиялангандан соң батыш мамлекеттери Москвага бир катар санкцияларды киргизген.

XS
SM
MD
LG