Өкмөттүн жаңы дайындалган мүчөлөрү бүгүн Жогорку Кеңеште ант беришет. Жыйынга президент да катышары кабарланган.
Парламенттин 9-ноябрдагы жалпы жыйынында премьер-министр Сооронбай Жээнбеков баштаган өкмөт түзүмү жана программасы көпчүлүк добуш менен бекитилген.
Жогору Кеңештеги көпчүлүк коалиция тарап, кайра куралгандыктан, өкмөттө да өзгөрүүлөр болгон. Он эки министрликтин алтоо, төрт вице-премьерлик кызматтын биринде жетекчилик алмашкан. (SE)