Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:40

Түндө "Кара-Кече" көмүр кенинен келе жаткан оор жүк ташуучу автоунаа тайгаланып, жолду тосуп калган. Ошентип Ак-Талаа районундагы Молдонун-Бели ашуусунда автоунаалар өтө албай, жолду ачууга калың жааган кар менен жол тайгактыгы тоскоолдук кылууда.

ӨКМдин маалымат кызматы кабарлагандай, автоунаа тыгындын айынан ашуунун эки бетинде көптөгөн унаалар өтө албай беш сааттан ашык туруп калган.

ӨКМдин Ак-Талаа райондук бөлүмүнөн жана жана райондук жол кайгуулчулар келип тосуп калган унааны түнкү саат эки жарымда жолдон чыгарышкандан кийин гана каттам жөнгө салынган. (SDz)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG