Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:54

Илимдер академиясында кыскартуу жүрүүдө


Кыргызстандын Улуттук илимдер академиясынын түзүмдөрү 40 пайызга кыскарды. Бул тууралуу УИАнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, УИАнын 4 вице-президенттик кызмат орду жоюлуп, 26 илимий изилдөө институттар менен борборлордун тогузу илимий жактан тектеш башка түзүмдөр менен бириктирилип, жалпы саны 16 илимий мекемеге айланды. Мындан сырткары административдик башкаруу кызматкерлеринин саны 40 пайызга кыскартылып, илим изилдөө мекемелеринин жаш курагы 70тен ашкан жетекчилери өз каалоолору менен кызматтарынан бошотулду. Бирок, академиянын илимий кызматкерлеринин жалпы саны кыскартылган жок.

Улуттук илимдер академиясы СССР илимдер академиясынын филиалы катары 1943-жылы ачылган. Кыргызстан эгемендик алган 90-жылдары УИАда 4000ден ашык адам иштесе, азыркы күндө илимий жана башка кызматкерлердин жалпы саны 1940 адамды түзөт. (ZA)

XS
SM
MD
LG