Линктер

дүйшөмбү, 24-апрель, 2017 Бишкек убактысы 21:53

Улуттук илимдер академиясында “Жусуп Баласагындын доору: тарыхы, материалдык маданияты, адабияты” эл аралык конференциясы башталды. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынан билдиришти.

Конференцияда Жусуп Баласагындын “Куттуу билим” дастаны жана ошол доордун башка адабий мурастарынын философиялык, лингвисттик, адабий жана булак таануучулук өзгөчөлүктөрү, кыргыздар жөнүндөгү X-XI кылымдагы араб-перс булактары жана башка маселелер каралат.

Эки күнгө созулган иш-чарада бир нече илимий баяндамалар окулуп, академиянын кол жазмалар фондуна, археологиялык музейлерге, Чүй өрөөнүндөгү орто кылымдардагы шаарлар – Бурана, Ак-Бешим, Красная Речкага экскурсиялар уюштурулат. (ZA)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG