Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:00

Орусияда ымыркайын таштаган кыргызстандык келин суралууда


Иллюстративдик сүрөт (маалыматка тиешеси жок).

Иллюстративдик сүрөт (маалыматка тиешеси жок).

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Санкт-Петербургда жаңы төрөлгөн ымыркайды кыргызстандык кыз таштап салганы тууралуу маалыматты текшерүүдө.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин кызматкерлери кармалган кыздын өздүгүн тактоо иштерин жүргүзүүдө. Орусиянын тартип коргоо органдарына толук маалымат менен бөлүшүү боюнча атайын кат жөнөтүлдү.

16-ноябрда “Невские новости” басылмасы Санкт-Петербургда 18 жаштагы кыргыз кызы кармалганын жазган. Маалыматта тургундар таштандынын жанындагы желим чакада жаңы төрөлгөн баланын сөөгүн табышкан. Милиция ит менен издеп шектүү кыргызстандык кызды кармашкан. Учурда кармалган кыргызстандык кыз психологиялык текшерүүдөн өтүүдө. (SDz)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG