Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:48

Музаффар Исаков: Турсунбеков жыйынды калыс алып барды


Жогорку Кеңеш жыйыны.
Жогорку Кеңеш жыйыны.

Жогорку Кеңештин депутаты Музаффар Исаков 16-ноябрда спикер Чыныбай Турсунбеков жыйынды бейтарап алып барганын белгиледи. Анын айтуусунда, төрага оппозицияга дагы, коалицияга да бирдей убакыт берди.

- Албетте, төрага болгондон кийин бардык тарапка бирдей болуп, кайсы бир депутат же фракцияга тартпашы керек. Андыктан кечээ абдан курч маселе талкууланып жаткандан кийин бардык тарап өз аргументтерин көрсөткүсү келди. Ошол учурда Турсунбеков депутаттарга бирдей мүмкүнчүлүк берди деп ойлойм.

16-ноябрда Жогорку Кеңеш “Белизгейт” маселесин карап, отурум курч пикир, айыптоолор менен коштолду. Айрым депутаттар төрага Чыныбай Турсунбеков регламент сактабай жыйынды алып барып, кайсы бир депутаттар ашыкча сүйлөп жатканын билдиришти. Жыйын соңунда КСДПдан Төрөбай Зулпукаров төрагага нааразычылык иретинде сөөмөй кезеди. (SDz)

XS
SM
MD
LG