Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:31

Клинтон: Шайлоо жыйынтыгына абдан сарсанаа болдум


Клинтон 16-ноябрда өткөн Вашингтондогу “Балдарды коргоо фондунун” жыйынында.
Клинтон 16-ноябрда өткөн Вашингтондогу “Балдарды коргоо фондунун” жыйынында.

АКШ президенттигине мурдагы талапкер Хиллари Клинтон мекендештерин кол куушуруп отуруп калбастан, Америка коомчулугунун баалуулуктары үчүн күрөшүүгө чакырды.

Анын айтымында, Дональд Трамптын жеңиши америкалыктарды коомдогу абал тууралуу ойлонууга түрттү.

Клинтон шайлоо жыйынтыгына өтө сарсанаа тартканын, эл алдына чыгуу оңойго турбаганын белгиледи.

16-ноябрда өткөн Вашингтондогу “Балдарды коргоо фондунун” жыйынындагы Клинтондун сөзү - президенттик шайлоодон кийин коомчулукка алгачкы кайрылуусу.

АКШда 8-ноябрда өткөн шайлоодо демократ Клинтон атаандашы, республикачы Трамптан миллиондон ашуун добуш алган. Ага карабастан АКШдагы штаттардын тең салмактуулугун камсыздаган кош добуш берүү системасына ылайык, шайлоочулар коллегиясынын аз добушуна ээ болду. Жыйынтыкка ылайык, Трампка 290, Клинтонго 232 шайлоочулар коллегиясынын добушу бериген.

XS
SM
MD
LG