Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:53

Бишкекте Green card аркылуу биринчи виза берилди


АКШнын элчиси Шейла Гуолтни Аида Бектуровага Green card аркылуу берилүүчү биринчи иммиграциялык визаны тапшырды. Бул программа жыл сайын көп мамлекеттердин жарандары үчүн багытталып, 55 миңге чейин виза бөлүштүрүлөт.

Виза алуучулар катталган талапкерлердин арасынан кокустук жолу менен тандалып алынат.

- Биз бул кызматтарды эки тараптуу мамилелердин 25-жылдыгында тартуулаганыма өтө кубанычтабыз. Бул элдерибиздин арасындагы байланыштардын тереңдигинин белгиси болуп, ишеним, теңдик жана өзара урматтоо принцибинде негизделген шериктештигибизди күчтөндүрүүгө өбөлгө болот, - деди элчи Шейла Гуолтни.

Green card аркылуу виза алгандар баарлашуу жана медициналык кароо үчүн Алматы шаарына барбастан Бишкектен бардык документтерди бүтүрсө болот. Ал эми маектешүү талапкердин каалаган тилинде өткөрүлөт. (SDz)

XS
SM
MD
LG