Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:43

Бишкекке жааган кардан бак-дарактар кулады


Учурда муниципалдык кызмат жолго кулаган бактарды тазалоо иштерин жүргүзүүдө. Суу кар Исанов-Токтогул, Тыныстанов-Бөкөнбаев, Толстой-Манас, Жаш Гвардия-Манас дагы бир катар көчөлөрдөгү бактын бутагын сындырып, автоунаалардын кыймылына тоскоолдук жаратты.

Шаардык мэрия айдоочуларды автоунааларын бак-дарактын түбүнө койбоону өтүнүп, бул учур “Тазалык” жана “Зеленстрой” кызматкерлеринин жолду тазалоо иштерине тоскоолдук кылып жатканын маалымдоодо.

Белгилей кетсек, борбор калаадагы карды тазалоо үчүн 15 атайын автоунаа жана 500дөн ашык адамдар тартылды. (SDz)

XS
SM
MD
LG