Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:29

Казакстан өкмөтү терактты алдын алууга көмөгү тийген маалымат бергендерге 750дөн 1000 айлык эсептик көрсөткүчкө чейин сыйлык берет. Азыр өлкөдө бир эсептик көрсөткүч 2121 теңге же 6,2 долларга барабар.

Тиешелүү токтом эмки жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирет. Анда сыйакы шектүү жоопко тартылгандан кийин гана берилери такталат.

Токтом долбоорун Улуттук коопсуздук комитети даярдаган. 1-сентябрда парламенттеги сөзүндө президент Нурсултан Назарбаев коопсуздук боюнча бир нече мыйзамдар кабыл алынарын айткан. Андан мурдараак Казакстанда бир нече ирет бийлик теракт деп атаган чабуулдар болгон.

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG