Линктер

жума, 31-март, 2017 Бишкек убактысы 02:43

Токмок шаарында айрым социалдык мекемелер жылуулук жоктугуна байланыштуу убактылуу жабылганы кабарланууда. “Азаттыктын” булактары билдиргендей, үч мектеп, аймактык оорукана, төрөт үйү, бир бала бакча жана үй-бүлөлүк медицина борбору бүгүн ишин токтотту. Ошондой эле Аскер шаарчасындагы үйлөргө да жылуулук бериле элек.

Маалыматка караганда, шаарды жылуулук менен камсыздаган ишкананын газга карызы көбөйүп кеткендиктен "көгүлтүр оттон" үзүп коюшкан. Азырынча мэрия буга комментарий бере элек.

Кыргызстанда бүгүн аба ырайы сууп, көпчүлүк аймактарга кар жаады. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG