Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:23

Порошенкого телефон чалган пранкерлер аудиосун жарыялашты


Петр Порошенко
Петр Порошенко

Украина президенти Петр Порошенко менен пранкер же телефон бейбашынын сүйлөшүүсү интернетке тарады.

Аны орусиялык пранкер, "Лексус" каймана аттуу Алексей Столяров Фейсбуктагы баракчасына жайгаштырган.

15 мүнөттүк аудиодо Порошенкого кыргыз президенти "Алмазбек Атамбаевмин" деп чалган адам Крым, Донбасс маселелерин талкуулаган.

Андагы үн Атамбаевдикине окшош эмес. Кыргыз кесиптеши менен бир да жолу жекеме-жеке жолуга элек Порошенко балким аны ажырата албай калышы ыктымал.

Ноябрдын башында украин президентинин расмий сайтына Порошенконун Атамбаев менен телефондон сүйлөшүүсү тууралуу кабар тараган. Атамбаевдин администрациясы аны четке кагып, сүйлөшүү болбогонун билдирген.

Орусиялык пранкер Столяров дагы бир шериги экөө буга чейин Беларус президенти Александр Лукашенкону да тамашага салышкан.

XS
SM
MD
LG