Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:37

Молдованын Стамбулдагы башкы консулу кармалды


Молдованын Стамбулдагы башкы консулу паракорчулукка шектелип кармалды. Бул тууралуу 17-ноябрда расмий кабарланды.

Башкы консул Вячеслав Филипп 16-ноябрда Түркиядан Кишиневге учуп келгенде, аэропорттон кармалган. Ал Жакынкы Чыгыштын, негизинен Сирия менен Ирак жарандарына мыйзамсыз виза жасап жүргөн деп шектелүүдө. Маалыматтарда ар бир виза үчүн жүздөгөн долларлар алынганы айтылат.

Молдова маалымат жана коопсуздук кызматынын башчысы Михай Балан башкы консул мамлекет коопсуздугуна коркунуч келтиргенин билдирди. Ошондуктан өлкөнүн ар бир консулдук, элчиликтеринде коопсуздук кызматкерлери иштешине уруксат берген мыйзамды парламент кабыл алышы керек деп эсептейт.

Ал эми ушул эле кызматтын мурдагы директору Валентин Дедиу “Азаттыктын” молдован кызматына консулдун кармалышы ошол мыйзамды өткөрүп алуунун гана айласы деп комментарий берди.

Бул арада Молдова Тышкы иштер министрлиги Филипп “тажрыйбалуу жана ишине берилген дипломат” деген билдирүү таратты.

XS
SM
MD
LG