Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:35

Бишкекте жол кырсыгында курман болгондор эскерилет


Бишкек шаарында бүгүн жол кырсыгында каза тапкандарды эскерүү акциясы өтөт. Уюштуруучулар кабарлагандай, катышуучулар аварияда курман болгондорду Жеңиш аянтында эскеришип, абага жүздөн ашуун үйлөмө шар учурушат. Ошондой эле №3 Балдар ооруканасына барышып, жол кырсыгында жабыркап, дарыланып жаткандардан кабар алышат.

Кыргызстан жол кырсыгы эң көп катталган өлкөлөрдүн катарына кирет. Расмий кабарларга ылайык, жылына жети миңден көп авария катталып, миңден ашуун адам курман болот.

Бүгүнкү акцияны “Жол коопсуздугу” уюму Саламаттык сактоо министрлиги жана Патрулдук милициянын башкы башкармалыгы менен бирге уюштурууда. (SE)

XS
SM
MD
LG