Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:28

Германия бийлиги 12 миңден ашуун ооган качкындарын артка кайтарат. Ооганстандын ири шаарларындагы абал мурдагыга салыштырмалуу жайгарыла баштагандан улам ушундай чечим кабыл алынганын өкмөткө таянып жергиликтүү басылмалар жазышты. Бирок бозгундар коопсуздук алар ойлогондой эместигин айтып тынчсызданууда.

Ушул тапта Германияда 250 миңдей ооганстандык мигранттар бар. Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, бул сан ооган жергесинен качып чыккандардын 5 пайызын түзөт.

1994-жылы Ооганстанда “Талибан” ислам кыймылы түзүлүп, 1996-жылы бийликти ээлеген. 2001-жылы АКШдагы теракттан соң НАТО күчтөрү бул мамлекетте аскердик операцияларды баштап, аталган топту кулаткан. Бирок ушул күнгө чейин талиптер коопсуздукка коркунуч келтирип турушат. (SE)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG