Линктер

жекшемби, 26-март, 2017 Бишкек убактысы 15:24

Алай-Куу өрөөнүнө жааган калың кардан улам жол каттамы үзүлгөнүн Көгарт айылынын тургуну Сатыбалды Кыдырмышев “Азаттыкка” билдирди. Бир метрден ашык кардан улам айрым үйлөрдүн чатырлары сынып, окуучулар сабакка барбай калды. Кыдырмышевдин айтуусунда, жергиликтүү тургундар талаадагы мал-жандан кабар ала албай, электр жарыгы дагы үзгүлтүккө учурады.

- Кар 17-ноябрь таңдан бери жаап жатат. Кечээ жарым метрдей кар жааса, бүгүн андан дагы көп жаап салыптыр. Район борбору менен телефон аркылуу байланышып жатабыз, бирок азыр ал жактан кандайдыр бир жардам күтүү мүмкүн эмес. Себеби жол толугу менен жабылып, жакынкы убакта ачылбачудай болуп калды.

Алайкуу өрөөнү Ой-Тал, Кызыл-Жар, Алайкуу айыл округдарынан туруп, калктын саны 15 миңден ашат. (SDz)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG