Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:05

Бишкекте 21 автоунааны дарак басып калды


Бишкек шаары
Бишкек шаары

17-ноябрдагы жааган кардан улам Бишкек шаары боюнча жүзгө чукул дарак кулап, андан 21 автоунаа зыянга учурады. Кулаган бактан шаардын бир тургуну жабыркады. Учурда ага медициналык жардам көрсөтүлүп, үйүнө чыгарылды.

Табигый кырсык боюнча шаардыктардан 166 арыз келип түшкөн. Суу кардан кулап түшкөн дарактардан жолдорду тазалоого, башка ыңгайсыздыктарды жоюуга 10 атайын техника жана “Зеленстройдун” 68 кызматкери тартылды.

Шаардык мэрия жарандарга кайрылып, автоунааларды бак-дарактардын түбүнө токтотпоону өтүнүүдө. (SDz)

XS
SM
MD
LG