Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:34

Бул тууралуу КСДП депутаты журналисттер менен жолугушуусунда билдирди. Ал фракция арасында депутаттардын бир маселеде пикир келишпестиги фракциянын ичинде ажырым болду дегенге жатпайт деди.

- Маселен, Төрөбай Зулпукаров менен спикер Турсунбеков ортосундагы пикир келишпестик орчундуу маселени талкуулоо учурунда келип чыкты. Зулпукаров микрофонго чыгып сүйлөйм деди, ага төрага сөз берген жок. Бул эми үй-бүлөдөгү аял-эркектин ортосундагы талаш сыяктуу эле болду, себеби биздин 38 депутатыбыз бар болсо, ар биринде өзүнүн пикири бар. Ал эми менен Жанар Акаев менен болгон талашымды айтып жатсаңыздар, мен ал талашка түшкүм деле келген эмес. Ал жаш бала. Бир гана КТРКнын жетекчисин бардык депутаттар таландыга алып жатканда, Акаев мени дагы тынч болуумду суранды, мен ага тынч экенимди айтып түшүндүрдүм.

16-ноябрда Жогорку Кеңеште “Белизгейт” маселеси талкуулоо кызыл чеке талаш-тартыштар менен коштолуп, анын ичинде КСДПдан айрым депутаттар бири-бири менен кайым айтышып кеткен.

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG