Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:59

Кара-Көл шаарынын мурунку мэри сот жообуна тартылды


Жалал-Абаддын Кара-Көл шаарынын мурунку мэри Мамбет Койчиев шаардык соттун 10-ноябрдагы өкүмү менен 350 миң сом айып төлөө менен бирге 5 жыл мөөнөткө белгилүү кызмат ордуна иштөө укугунан ажыратылды.

Прокуратура тарабынан Койчиевге карата кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу, жер мыйзамын бузуу жана жерди мыйзамсыз каттоо беренелери боюнча кылмыш иши ачылган. Анткени шаар мэри болуп турган кезде 1,5 миң чарчы метр жерди ишкерлерге мыйзамсыз берип, мамлекетке 1 млн сомдон ашык зыян келтирилгендиги аныкталган.

Облустук прокуратуранын шаар мэрин убактылуу жумуштан четтетүү сунушу менен премьер-министр ушул жылдын июль айында Мамбет Койчиевди мөөнөтүнөн мурда кызматтан алган болчу. (RsK)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG