Линктер

шейшемби, 25-апрель, 2017 Бишкек убактысы 06:49

Сербиянын коргоо министрлиги Белграддагы аскердик кампадан ондогон курал-жарак жана бир топ ок-дары жоголгонун билдирди. Бейшембиде жарык көргөн билдирүүдө министрлик куралдын жоголгону баш калаадагы гарнизонду пландуу текшерүү маалында билингени айтылат.

Атап айтканда, 70 даана тапанча, 5 автомат жана 2 жашик ок-дары жетпей калган. Курал качантан тарта жоголгону жана бул тууралуу качан белгилүү болгону айтыла элек.

Курал аткезчилиги Балканда 1990-жылдардагы согуш учурунда өзгөчө гүлдөгөн. Өткөн жылы Париждеги теракттарда колдонгон курал арасында да Балкандан келген курал бардыгы аныкталган.

Ошондой эле 17-ноябрда серб полициясы курал аткезчилигине шектелип 10 киши кармалганын жана ракета аткычтар, автоматтар жана танкаларга каршы миналар колго түшүрүлгөнүн маалымдады.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG