Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:13

АКШ Орусияда LinkedIn сайтын жабуу чечимине кабатырланууда


Кошмо Штаттар Москванын LinkedIn социалдык сайтын Орусия аймагында жабуу чечимине “терең камтамасын” билдирди. АКШнын Орусиядагы элчилигинин маалымат катчысы Мария Олсон ТАСС агенттигине 18-ноябрда маалымдагандай, ишкер байланыштарын түзүү жана жумуш издөө сайтына бөгөт коюу чечими “начар жөрөлгө түзүп, орусиялык колдонуучулар тууралуу маалымат камтыган веб сайттарды жабууга жол ачышы мүмкүн” деди.

2014-жылкы мыйзамга ылайык Орусия жарандары тууралуу маалыматтар өлкө аймагындагы серверлерде гана сакталууга тийиш. Олсон бул жобо "атаандаштык принцибине каршы келерин" билдирди.

17-ноябрда мамлекеттин карамагындагы Сбербанк LinkedInди чектөө “банктын жаңы кызматкерлерди жалдоо ишин кыйла оорлоторун” ырастады.

2004-жылы негизделген сайттын 400 миллиондон ашуун колдонуучусу бар. Роскомнадзор интернет провайдерлерге LinkedInге бөгөт коюу буйругун 17-ноябрда берген. Анын алдында Москва шаарынын соту сайт жеке маалыматтарды сактоо мыйзамын бузууда деген бүтүм чыгарган.

XS
SM
MD
LG