Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:40

ТИМ: Порошенкого телефон чалган бейбаштын таанышы кармалды


Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги.

Украинанын президенти Петро Порошенкого Кыргызстандын президентинин атынан телефон чалган пранкердин жанында жүргөн адам кармалды. Бул тууралуу Кыргызстандын ТИМи кабарлады.

Учурда кармалган адам камакка алынып, тергөө амалдары башталды.

Бул маселе боюнча Кыргызстандын Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев украиналык кесиптеши Павел Климкин менен телефон аркылуу сүйлөшүп, тараптар биргеликте иликтөө иштерин жүргүзүүгө токтолушту. Министрлер бул маселе боюнча кененирээк ЕККУнун Гамбургдагы жолугушуусунда бетме-бет сүйлөшмөй болушту.

Буга чейин Украина президентинин маалымат катчысы Святослав Цеголко өзүнүн “Фейсбук” баракчасына Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин айрым кызматкерлери пранкерлерге Украинанын президенти менен телефон сүйлөшүүнү уюштурууга көмөктөшкөнүн жазган. Ал ошондой эле телефон бейбаштарынын артында орус атайын кызматынын өкүлдөрү турарын билдирген.

17-ноябрда Украина президенти Петро Порошенко менен пранкер же телефон бейбашынын сүйлөшүүсү интернетке тараган. 15 мүнөттүк аудиодо Порошенкого кыргыз президенти "Алмазбек Атамбаевмин" деп чалган адам Крым, Донбасс маселелерин талкуулаган. Кыргызстан ТИМи эч кандай телефон сүйлөшүү болбогонун билдирген. (SDz)

XS
SM
MD
LG