Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:43

Ибрагим Жунусов кытайлык кесиптеши менен жолукту


Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Ибрагим Жунусов кытайлык кесиптеши Хонянг Ю менен 17-ноябрда Анкарада жолугушту. Бул тууралуу элчиликтин расмий сайты жазып чыкты. Тараптар Кытайдын Бишкектеги элчилигине кол салууга шектелгендердин Түркияда кармалышына байланышкан маселени талкуулашты.

Хонянг Юнун айтымында,​ бул маселе Кытай жана Түркиянын тышкы иштер министрлеринин эки тараптуу жолугушуусунда ортого салынып, Бээжин тарап Түркияда жашырынып жүргөн шектүүлөрдү тез арада кармоо жана Кыргызстанга өткөрүп берүү зарылдыгын билдирген.

Жунусов элчилик Түркиянын тиешелүү органдары менен террорчуларды кармоо боюнча иш алып барып жатканын, бирок азырынча Анкара тараптан жооп болбогонун кабарлады.

Кыргызстандын жана Кытайдын Түркиядагы элчилеринин жолугушуусу эл аралык дипломатиялык протоколдун негизинде өттү. (NT)

XS
SM
MD
LG