Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:36

Белиз документтеринин чоо-жайын мекемелер аралык жумушчу топ иликтейт


Кыргызстандын Башкы прокуратурасы жана Улуттук коопсуздук комитети Белизден алынды деген документтерди иликтөө боюнча жумушчу топ түздү. Бул тууралуу УКМКнын коомчулук менен байланыш бөлүмү кабарлады. Маалыматка караганда, жумушчу топ «Альфа Телеком» компаниясында 2010-2013 жылдары орун алган коррупциялык көрүнүштөргө айрым чиновниктердин катышы бар-жогун иликтеп чыгат.

УКМКнын коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн жетекчиси Рахат Сулайманов "Азаттык" радиосуна Белизден келген документтердин чоо-жайын УКМК жана Башкы прокуратура түзгөн мекемелер аралык жумушчу топ иликтеп жатканын айтты:

- Топтун максаты - «Альфа Телеком» компаниясында 2010-2013 жылдары орун алган коррупциялык көрүнүштөргө кириптер болгон айрым чиновниктердин катышуусун толук, ар тараптуу жана объективдүү текшерип чыгууга багытталган. Бирок айрым тараптар, алардын арасында Белизден келген документтерде аты аталгандар коррупциялык иштер боюнча текшерүүлөрдү өздөрүнө ылайыктуу нукка буруу аракетин көрүүдө, - деди Рахат Сулайманов.

14-ноябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Белиз өлкөсүнөн алган документтерге таянып, оппозициядагы “Ата Мекен” фракциясынын депутаттары Өмүрбек Текебаев, Аида Салянова, Алмамбет Шыкмаматов “Альфа Телекомдун” 50 пайыз акциясын сатууга аракеттенген деген маалымат тараткан. Эл өкүлдөрү муну жасалма документтердин негизиндеги каралоо деп мүнөздөп келишет. (NT)

XS
SM
MD
LG