Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:39

Кытайдын Кыргызстандагы элчилиги Land Cruiser үлгүсүндөгү автоунааны Ош шаардык милициясына да белек кылганы белгилүү болду. Бул маалыматты Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңиш Ашырбаев "Азаттык" радиосуна ырастады.

Анын айтымында, элчиликтин машине белеги 2015-жылы милиция күнүнө карата "террорчулукка каршы күрөштө техникалык жактан көмөк" деген негизде берилген. Азыр ал автоунаа гаражда турганын Ашырбаев кошумчалады.

Буга чейин Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаевди ташып жүргөн Land Cruiser 200 үлгүсүндөгү жолтандабасты кытай элчилиги 5-октябрда белек кылганы ачыкка чыгып, коомдо талкуу жараткан эле. Элчилик УКМКнын Оштогу башкармалыгына да мындай машине белек кылган деген маалыматтар айтылууда. (NT/YI)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG