Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:19

Түркия: зордуктоо боюнча айыпталгандарга кечирим берилиши мүмкүн


Түркиянын парламенти бул маселе камтылган мыйзам долбоорун талкуулап жатат. Анда жашы жете элек кыздарды зордуктагандар жабырлануучуга үйлөнсө, айыпты жокко чыгаруу сунушу камтылган.

Айыпталуучуга эгер ал күч колдонбогон болсо гана кечирим берилет. Түрк коомчулугунда бул мыйзам долбоор сынга алынууда. Алар документ жашы жете электерди зордуктоону жана эрте никени мыйзамдаштырат деп кооптонушууда.

Өлкөдө сексуалдык зордуктоого кабылганын айтып, укук коргоо органдарына кайрылган аялдардын саны акыркы 10 жылда 40 пайызга өскөн. Статистика зордук-зомбулуктан улам өлгөн аялдардын саны көбөйгөнүн көрсөтүүдө.

Мыйзам долбоорду президент Режеп Тайип Эрдогандын бийликтеги Адилеттик жана өнүгүү партиясынын депутаттары иштеп чыккан.

XS
SM
MD
LG