Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:17

Караколдо азык-түлүк жармаңкеси өтүүдө


Жармаңкеге облустун аймагындагы үрөнчүлүк, фермерлик чарбалары, багбан, дыйкан жана балчылар катышууда. Алар облустагы 61 айыл аймагынан келишкен.

Иш-чарада өндүрүлгөн таза продукцияны ортомчусуз сатып алууга шарт түзүлүп жатканын өкмөттүн облустагы өкүлү Аскат Акибаев билдирди. Ал айыл чарбасы экономиканы көтөрүүдө эң чоң багыт экенин белгилеп, атайын айыл чарба продуктуларынын класстерлери түзүлүп жатканын айтты. Ошондой эле 60ка жакын айыл чарба кызматкерлерине сыйлыктар тапшырылды.

Кыргызстанда айыл чарба кызматкерлеринин кесиптик майрамы 15-ноябрда белгиленди. (AsM)

XS
SM
MD
LG