Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:35

АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамп шылуундукка шектелген ишке байланыштуу сотко чейинки макулдашуунун алкагында 25 миллион доллар төлөйт. Бул тууралуу Associated Press агенттиги кабарлады.

2010-жылы "Трамп университетинин" студенттери анын үстүнөн сотко кайрылышкан. Алар окуу жайдагы 35 миң долларга чейин бааланган кыймылсыз мүлк боюнча семинарлардан "эч нерсе үйрөнгөн жокпуз" деп нааразы болуп чыгышкан. Ошондой эле "Трамп университетинин" аккредитациясы жок болгондуктан, диплом албай калышканын билдиришкен. Бул иш боюнча сот ноябрдын этегине мерчемделген.

Окуу жайдын жети миңге чукул студенти компенсация алат. Ошол эле маалда миллиардердин буга макул болгону күнөөнү моюнга алды дегенди түшүндүрбөйт. Трамп мындан тышкары мамлекетке бир миллион доллар айып пул төлөй турган болууда.

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG