Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:40

Алепподогу сокку 20 адамдын өмүрүн алды


Сириянын түндүгүндөгү Алеппо шаарынын чыгыш бөлүгүн көзөмөлдөгөн козголоңчулар 18-ноябрда өкмөттүк күчтөрдүн чабуулунан 20 жайкын тургун мерт болгонун билдиришти. Маалыматка караганда, акыркы 4 күндөгү аба соккуларынан аймактагы төрт оорукананын баары талкаланган.

АКШ Сириянын өкмөттүк күчтөрү менен Орусиянын аскерлерин кескин айыптады. Ак үй тараткан маалыматта карапайым жарандар жашаган кварталдар менен жарандык объектилерди бомбалоо "жырткычтык" катары мүнөздөлгөн.

БУУнун гуманитардык маселелер боюнча мекемесинин маалыматында, Алеппонун курчоодогу райондорунда 275 миң адам гуманитардык каатчылыктын босогосунда турат.

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG