Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:57

Голландия Европада теракт даярдалып жатканын эскертти


Европада өзүн "Ислам мамлекети" деп атаган экстремисттик топтун 60-80 мүчөсү терракт даярдап жатканын Нидерландынын террорчулукка каршы күрөшүү боюнча улуттук координатору Дик Схоф Associated Press агенттигине билдирди. Анын айтымында, экстремисттер өз тарапкерлерин Сирия менен Иракка согушууга барбай эле, Европада калып чабуулдарды жасоого чакырып жатат.

Атайын кызматтын маалыматы боюнча, акыркы жарым жылда согушкерлердин катарына кошулуу үчүн Сирия менен Иракка кеткен европалыктардын саны көбөйгөн жок. Ошол эле маалда "Ислам мамлекети" тобунун чегинип жатышы качкындардын агымын күчөтүп, Батыштын туруктуулугуна коркунуч туудурушу мүмкүн экенин кошумчалады Дик Схоф.

Былтыр Евробиримдикке мүчө мамлекеттерден Жакынкы Чыгыш жана Африкалык миллиондон ашуун адам башпаанек сураган. Айрым өлкөлөрдүн мигранттарды кабыл алуу чечими террордук коркунуч күчөгөндөн кийин бир нече жолу сынга алынган. Быйыл Европада согушкерлердин бир нече жолу кол салуусу катталып, анын айрымдарына качкындар катышканы маалымдалган.

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG