Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:52

Түркия: өрт чыккан абактан качкандар арасында кыргызстандыктар жок


Бул тууралуу Кыргызстандын Стамбулдагы консулдугунун өкүлү Руслан Молдакунов билдирди. Анын маалыматы боюнча өрт чыккан абактан качкандардын арасында кыргызстандык жарандар жок.

19-ноябрда Стамбулдагы чет өлкөлүк жарандар кармалган абакта өрт чыккан учурда 123 адам качып кеткен. Түркиянын Ички иштер министрлигинин билдиришинче, өрттү абакта кармалгандар уюштуруп, жаңжал чыгарышкан. Күч кызматкерлеринин тоскоолдугуна карабастан бир тобу качып кетүүгө жетишкен. Алардын жыйырмасы кармалды. Калгандары изделүүдө. (ElB)

XS
SM
MD
LG