Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:51

Обама менен Путин Лимада жолугушту


Барак Обама менен Владимир Путин Перуда, 20.11.2016
Барак Обама менен Владимир Путин Перуда, 20.11.2016

АКШ президенти Барак Обама менен Орусия президенти Владимир Путин Перуда өтүп жаткан Азия-Тынч океан саммити учурунда жолугуп, кыскача кеп курушту.

АКШ администрациясы сүйлөшүү төрт мүнөткө созулганын билдирет. Анда Обама Путинди Украина чыгышындагы чатакты жөнгө салуу боюнча Минск келишиминдеги милдеттенмелерин аткарууга чакырган.

Ошондой эле Ак үй Обама эки өлкөнүн башкы дипломаттары Жон Керри менен Сергей Лавровду башка өнөктөш өлкөлөр менен бирге Сириядагы зомбулукту басаңдатуу боюнча сүйлөшүүлөрдү улантууга чакырганын кошумчалайт.

Путиндин маалымат катчысы Дмитрий Песков сүйлөшүүдө Украина темасы көтөрүлгөнүн орусиялык маалымат каражаттарына билдирди.

Бул эки президенттин АКШдагы шайлоодон кийинки алгачкы жолугушуусу.

XS
SM
MD
LG