Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:04

Индия: темир жол кырсыгында өлгөндөрдүн саны өсүүдө


Канпур шаарына жакын жерде кырсыкка кабылган поезд, 20.11.2016

Канпур шаарына жакын жерде кырсыкка кабылган поезд, 20.11.2016

Индиянын Уттар-Прадеш штатындагы темир жол кырсыгында өлгөндөрдүн саны 117 кишиге жетти. Жаракат алгандар 220, анын жүздөйүнүн абалы оор. Бул тууралуу өлкөнүн темир жол мекемесинин расмий өкүлү Анил Саксена 20-ноябрь кечке жуук билдирди деп жазат Reuters.

20-ноябрда Канпур шаарына жакын жерде жүргүнчү поезди рельстен чыгып кеткен.

Куткаруу иштери дале уланууда. Ал үчүн жүздөгөн адамдар, аскерлер, полиция кызматкерлери тартылган. Жаракат алгандар жакын арадагы ооруканаларга жеткирилүүдө.

Кырсыктын себеби азырынча так белгисиз. Индияда адам өмүрүн алган темир жол кырсыктары көп катталып турат. Буга өлкөдөгү темир жолдун басымдуу бөлүгүнүн эскилиги да себепкер болот.

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG