Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:45

Меркель канцлер кызматына кайра ат салышууну чечти


Ангела Меркель.
Ангела Меркель.

Ангела Меркель Германия өкмөт башчылыгына төртүнчү жолу ат салышууга даяр. Бул тууралуу ал 20-ноябрдын кечинде Берлинде өткөн басма сөз жыйында билдирди.

Келечектеги Бундестаг шайлоосун Меркель “Германия бириккен убакыттан берки эң оор учур” деп атады. Ал туура чечим кабыл алганын, бул жолду өлкөсү менен бирге басып өтүүгө даяр экенин кошумчалады.

Германияда парламенттик шайлоо 2017-жылы жайдын соңунда же күздө өтөт. Анын жыйынтыгы менен канцлер кызматын ким ээлей тургандыгы чечилет. Меркель бул кызматты 2005-жылдан бери аркалап келет.

XS
SM
MD
LG