Катуу суукка байланыштуу Казакстандын борбору Астана шаарында жана башка бир катар аймактарда бүгүн мектептерде окуу үзгүлтүккө учурады. Астанада бүгүн эртең менен абанын табы -29 градусту түзүп, 1-9-класстарга окуу токтоду. Костанайда башталгыч класстарга сабакка келбей коюуга уруксат берилди. Карагандада 1-9-класстар, Семей, Усть-Каменогорск, Шемонаихте бардык мектептер жабылып, коллеждердин 1-2-курстарында окугандар сабакка барышпайт.
Астанада катуу сууктан улам бензин тартыштыгы жаралганы да кабарланууда.