Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:42

Бишкектеги «Манас» аэропортунда бүгүн учактардын конуусу жана учуп кетүүсү жадыбалдан бир аз кечигүүдө. Бул тууралуу "Азаттыкка" аэропорттун маалымат катчысы Алия Курбанова кабарлады. Анын айтуусунда, мындай жагдайдын түзүлүшүнө аба ырайы себеп болуп жатат:

- Аба ырайына байланыштуу 10-15 мүнөттүк кармалуулар болуп жатат. Себеби жүргүнчүлөрдүн коопсуздугу биз үчүн биринчи кезекте турат. Таң эрте калың туман түшүүдө. Туман болбосо эле баары штаттык режимде иштөөдө. Биз ИКАО эл аралык уюмунун талабына ылайык иштейбиз. Адистердин айтуусунда, ушундай аба ырайы дагы 2-3 күн сакталып турат.

Өткөн дем алыш күндөрү кардын калың жаашынан улам Ош, Москва, Стамбул, Дели, Дүйшөмбү жана Үрүмчү шаарларына каттаган учактар бир аз кармалган.

Өткөн жуманын ортосунда Кыргызстанда аба ырайы кескин өзгөрүп, кар жаап, аба муздай баштаган. Түнкүсүн абанын температурасы Бишкекте -15ке жетүүдө. (RK)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG