Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:29

Өзбекстанга өтүп кеткен жылкычы малы менен кошо кайтарылды


Өткөн айдын этегинде Аксы районунун Сөгөт айылынан Өзбекстанга өтүп кеткен 25 жылкы жана жылкычы кайтарылды. Аксы райондук мамлекеттик администрациясынан "Азаттыкка" билдиришкендей, коңшу өлкөнүн чек арачылары менен жүргүзүлгөн сүйлөшүүдөн улам 19-ноябрда кечке жуук Ала-Бука районундагы чек ара тозотунан 25 жылкы менен аларды кайтарып жүргөн Акылбек Боромбаевди өзбек чек арачылары өткөрүп беришти.

Жайыт жерде чек ара ачык болгондуктан жылкы оттоп жүрүп чек ара тилкесинен өтүп кеткен, аны кайтарган жаранды да өзбек чек арачылары ичкери алып кирип кетишкен.

Өткөн жумада дагы ушул жылдын июль айында Аксы тараптан Өзбекстанга өтүп кеткен 110 койдун 85ин өзбек тарап кайтарып берген болчу.

Аксы району Өзбекстандын Наманган облусу менен чектешет. Он эки участок эки мамлекеттин ортосунда талаш жаратып келет. (RsK)

XS
SM
MD
LG