Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:40

Индия: поезд кырсыгынын курмандыктары 140тан ашты


Кырсык болгон жерде куткаруу иштери уланууда.
Кырсык болгон жерде куткаруу иштери уланууда.

Индияда темир жол кырсыгында аман калгандарды издөө иштери уланууда. Куткаруучулар түнү бою иштеп дагы бир нече сөөктү тапкандан кийин курман болгондордун саны 140тан ашканы кабарланууда. Жүздөгөнү жарадар болду. Жекшемби күнү эртең менен Уттар-Прадеш штатында жүргүнчү ташыган поезд рельстен чыгып, 14 вагон аңтарылып кеткен. Поездде болжолу эки миңдей киши бар болчу. “Көптөрү билетсиз бараткан, андыктан набыт кеткендердин так санын айтуу кыйын”, - дешет бийлик өкүлдөрү.

Кырсыктын себептери аныктала элек. Индиянын темир жолдор министри Суреш Прабху күнөкөрлөргө катуу чара көрүлөрүн эскертти. Темир жол жабдууларынын эскилиги жеткен өлкөдө мындай кырсыктар көп катталып келет.

Кыргызстан президенти Алмазбек Атамбаев бул кайгылуу окуяга байланыштуу Индия жетекчилигине көңүл айтты.

XS
SM
MD
LG