Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:43

Меркел кайрадан канцлердик кызмат үчүн ат салышат


Ангела Меркел
Ангела Меркел

Ангела Меркел Германиянын канцлердик кызматындагы төртүнчү мөөнөтү үчүн ат салышаарын жарыялады. 62 жаштагы Меркел жекшембидеги маалымат жыйынында кийинки жылы күзүндө өтүүчү парламенттик шайлоого катышаарын айтты. “Мындай кыйын убакытта Германия үчүн кызмат кылгым келет”,-деди Меркел.

Европадагы качкындар кризисинен улам Меркелдин рейтинги төмөндөп кеткени менен дале болсо аны колдогондор көп. Өткөн жылкы регионалдык шайлоодо Меркелдин Христиан-демократтар партиясы бир катар аймактарда жеңилип, иммиграцияга каршы турган “Германия үчүн альтернатива” партиясы колдоого ээ болгон. Чыгыш Германияда чоңойгон Меркел өлкөнү 2005-жылдан бери башкарып келет.

XS
SM
MD
LG