Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:58

Ливияда уруулар ортосундагы жаңжалга маймыл себеп болду


Ливияда куралдуу чатактар токтобой келет.

Ливияда куралдуу чатактар токтобой келет.

Ливияда колдо багылган маймылдын бир кызды тиштеп алышы уруулар арасындагы кагылышка себеп болуп, андан 20 адам набыт болгону, элүүдөй киши жаракат алганы кабарланууда. Окуя өлкөнүн түштүк тарабындагы Сабха шаарында болгон. Активисттердин жана медиктердин айтымында, өткөн аптада үч жигит колго багылган маймылды бир мектеп окуучусун көздөй коё берип, жандык ал кызды тиштеп алган. Кыздын үй-бүлөсү өч алуу максатында ал үч кишини маймылы менен кошо өлтүрүп кетишкен.

Натыйжада Авлад Сулейман жана Гуедадфа урууларынын ортосунда жаңжал чыгып, анда танк жана ракеталар да колдонулганы кабарланды.

Ливияда өлкөнү ондогон жылдар бою башкарган Муаммар Каддафи 2011-жылы бийликтен кулатылгандан бери куралдуу жаңжалдар токтобой келет.

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG