Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:19

Украинанын президенти Петро Порошенко “Евромайдан” окуяларынын үч жылдыгына карата сүйлөгөн сөзүндө элди Орусиянын “коркунучуна” каршы биригүүгө чакырды. Ал Украина Москва үстөмдүк кылган мезгилге эч качан кайтпастыгын айтты. Украина бүгүн “Евромайдан” нааразылык акцияларынын башталышына арналган Ар-намыс жана эркиндик күнүн белгилеп жатат. Үч жыл мурда башталган бул демонстрациялардын натыйжасында 2014-жылдын февраль айында президент Виктор Янукович Орусияга качууга аргасыз болгон.

Бул окуядан көп өтпөй Орусия Крым аралын аннексиялап алган. Андан соң Украинанын чыгышында орусиячыл жикчилдер менен өкмөттүк күчтөрдүн ортосунда жаңжал тутанып, андан жалпысынан 10 миңдей адам мерт болду. Орусия бул тирешүүгө тиешеси жоктугун билдирип келет.

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG