Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:03

Ноокат: акимдин жээни зордуктоого аракеттенген деп шектелүүдө


Бул тууралуу “Кылым шамы” укук коргоо уюмунун жетекчиси Азиза Абдирасулова “Азаттык” радиосуна билдирди. Анын айтуусунда, быйыл июнда Ноокаттын Көк-Жар айылында 11 жаштагы кызды зордуктоого аракеттенген деген айып менен 30 жаштагы адам кармалган. Укук коргоочулардын кийлигишүүсү менен бул окуя боюнча кылмыш иши козголуп, сот башталган. Бирок кармалган адам район акими Бекболот Айтиевдин бир тууган жээни экенин, жабырлануучунун үй-бүлөсүнө ар кандай кысым көрсөтүлүп жатканын Азиза Абдирасулова кошумчалады:

- Кыз денелери тытылып, көк-ала болуп келген. Дагы жакшы жанында 10 жаштагы сиңдиси болуп калып, экөө эптеп качып кетишкен. Кыздардын энеси прокуратурага кайрылып, жабырлануучу 10 күндөн ашык ооруканада жатып чыгыптыр. Андан кийин акимдин атынан ар ким чыгып, айыл өкмөттөгүлөр да "арызыңды ал" дешиптир. Биз ишти Ошко котордук. Бирок, дале коркутуп-үркүтүү токтобой жатыптыр. Аким өзү барып, "кызыңдын ушул жерде жүрүшүн ойлойсуңбу" дептир. Шектүүнүн эжеси болсо мектепке барып, жаш кызды эл көзүнчө бетинен чымчып, жаман сөздөр менен уяткарыптыр.

Ноокат районунун акими Бекболот Айтиев секелекти зордуктоого шектелип кармалган адам тууганы экенин “Азаттык” радиосуна ырастады. Ошол эле маалда жабырлануучуларга басым болуп жатат деген маалыматты четке какты. Ишти Ош шаардык соту териштирүүдө. (NT)

XS
SM
MD
LG