Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:29

Текебаев “Белизгейт” боюнча маалымат берет


Белизден алынды делген документтер.
Белизден алынды делген документтер.

Бул тууралуу “Ата Мекен” фракциясынын катчылыгынан билдиришти. Маалыматка караганда, фракция лидери Жогорку Кеңеште жалпыга маалымдоо каражаттарына жыйын куруп, анда өлкөдөгү саясий абал, “Белизгейт” чыры тууралуу маселе көтөрүлөт.

14-ноябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Белиз өлкөсүнөн алган документтерге таянып, оппозициядагы “Ата Мекен” фракциясынын депутаттары Өмүрбек Текебаев, Аида Салянова, Алмамбет Шыкмаматов “Альфа Телекомдун” 50 пайыз акциясын сатууга аракеттенген деген маалымат тараткан. Эл өкүлдөрү муну жасалма документтердин негизиндеги каралоо деп сыпаттап жатышат.

Башкы прокуратура жана Улуттук коопсуздук комитети Белизден алынды деген документтерди иликтөө боюнча жумушчу топ түзгөн. Алар «Альфа Телеком» компаниясында 2010-2013 жылдары орун алган коррупциялык көрүнүштөргө айрым чиновниктердин катышы бар-жогун иликтеп жатканы кабарланган. (NT)

XS
SM
MD
LG