Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:34

Жапонияда катуу жер титирөө болду


Фукусимадагы атомдук электр станциясы. 15-март, 2011-жыл.

Фукусимадагы атомдук электр станциясы. 15-март, 2011-жыл.

Жапония бийлигинин маалыматы боюнча, 6,9 баллдык жер титирөөдөн кийин өлкөнүн түндүк-чыгыш жээгин цунами толкуну каптады. Фукусима атомдук электрстанциясы жайгашкан аймакта 1 метрге жеткен толкун болуп жатканы кабарланууда.

Жапониянын метеорология агенттиги силкинүү башкалаа Токиодо да сезилгенин билдирди. Курмандыктар жана жаракат алгандар тууралуу маалымат түшкөн жок. Өлкө бийлиги зилзала болгон аймактын жашоочуларын коопсуз жайларга кетүүгө чакырууда.

Фукусима станциясы орун алган райондо 2011-жылы катуу жер титирөө болуп, дүйнөдөгү эң чоң ядролук кырсыктардын бири катары тарыхта калган. Ал кезде жер титирөөнүн натыйжасындагы цунамиден 18 500 адамдын өмүрү кыйылып, Фукусиманын үч ядролук реактору бузулган.

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG