Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:52

Салянова: “Белизгейттин” артында президент турат 


Аида Салянова.
Аида Салянова.

Парламенттеги "Ата Мекен" фракциясынан депутат Аида Салянова “Мегаком” боюнча жалган маалымат таратуунун артында турат деп президентти айыптап чыкты. Бул тууралуу ал "Фейсбуктагы" баракчасына жазды. Анын билдиришинче, УКМК төрагасы Абдил Сегизбаев "Мегаком" боюнча үч депутаттын кызыкчылыгы жөнүндө документтерди жар салганы менен алардын кантип алынганы жөнүндө эч нерсе айта алган жок. Жарыя кылардан мурда ал документтер качан, кандайча пайда болгонун тастыктап алса, коомчулукта бул фабрикация бийликтин эле колунан келди деген шек болмок эмес. Салянова лицензияга байланышкан маселеге да токтолду:

- Елисеевдин токтотулуп турган лицензиясы бар болчу. Юстиция министрлиги лицензиясын жандандырып гана койгон. Мыйзам боюнча адам оорукчан болсо же ага карата күнөөлүү деген соттун чечими чыккан болсо гана лицензия берилбейт. Ал лицензия аны жоопкерчиликтен бошотпойт, укук коргоо органдарына эч кандай тоскоолдук жаратпайт. Укуктук өлкө Конституция менен жашашы керек. Сен кеткен бийликке жакындыгың бар экен деп мыйзамды буза турган болсок, анда эмнеге ошол эле Сегизбаев азыр Москвада Акаевдин жанында эмес, президент Атамбаевдин жанында жүрөт? Текебаевдин, Шыкмаматовдун, Салянованын "Мегакомдо" бир тыйындык акциялары жок экенин мамлекеттик органдар билбеши мүмкүн эмес. Алар мындай калпты өздөрүнүн демилгеси менен алып чыккандай эки башы жок. Демек калптын артында Алмазбек Атамбаев өзү турат. Эртең колундагы кагаздары жасалма болуп чыкса, президент өзү жооп бериши керек​, - деди Салянова.

14-ноябрда УКМК Белиз өлкөсүнөн алган документтерге таянып, оппозициядагы “Ата Мекен” фракциясынын депутаттары Өмүрбек Текебаев, Аида Салянова, Алмамбет Шыкмаматов “Альфа Телекомдун” 50 пайыз акциясын сатууга аракеттенген деген маалымат тараткан. Эл өкүлдөрү муну жасалма документтердин негизиндеги каралоо катары сыпаттоодо. (NT)

XS
SM
MD
LG